2024-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан 1330 протокол түзүлүп, 13 074 500 сом айып салынган.

Күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө унаасын жашыл аймакка токтоткон айдоочулар тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды.

Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 2-бөлүгүнүн 179-беренесине ылайык 53 протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 452 миң 500 сомду түздү.

Курулуш таштандыларын жана башка тыюу салынган заттарды өрттөгөндүгү үчүн КРнын Укук бузуулар  кодексинин 115-беренеси боюнча 25 протокол түзүлүп, 327 миң сом айып салынган.

Ошондой эле экологиянын булганышы,  мончолордо, сауналарда жана чарбакер субъекттердин аймагында тыюу салынган буюмдардын өрттөлүшү,  турмуш-тиричилик, өнөр жай жана техногендик калдыктардын белгиленбеген жерлерде төгүлүшү боюнча, тагыраак айтканда айлана-чөйрөнү булгаган адамдарга карата  Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча 693 протокол түзүлүп,  6186 000 сом суммасында айып салынган.  

Инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 107-беренесине ылайык, такталбаган жерлерге  жарнакты жайгаштырган адамдарга карата 143 протокол түзүлгөн. Айыптардын жалпы суммасы 423 000 сомду түзөт.

Ошондой эле жолдорго, көчөлөргө жана темир жол өткөөлдөрүнө келтирилген зыян боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренеси боюнча 73 протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 1 348 000 сомду түздү.

Урматтуу шаардыктар жана коноктор! Бишкек мэриясы тазалыкты жана тартипти, көрктөндүрүүнүн эрежелерин сактоону өтүнөт. Экологиялык нормаларды бузгандарга карата токтоосуз тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертебиз.