2024-жылдын 14-мартында «Алтын- Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» аймагында таза суу берүү токтотулат.
Ошондой эле өчүрүү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү - темир жол.
Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу болбойт.
Ичүүчү сууну өчүрүү «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.