Бишкек шаарында жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоол болуп, натыйжада тыгындарды пайда кылган мыйзамсыз токтотулган унаалар менен иштер активдүү уланууда.

Жакында  эвакуаторлор алынып келинди, алар тыгындар менен күрөшүүдө негизги "жардамчы" болот.

Бүгүнкү күндө муниципалдык инспекция, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти  тарабынан Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте жашыл аймакта, жолдун өтүүчү бөлүгүндө ж.б жерлерде унаанын токтоп калышына жол бербөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда  борбор калаанын 36 аймагында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар бар экенин эске салабыз (инфографика тиркелет), анда унааларды коюуга болот. Мындан тышкары, унааларды шаардын көчөлөрүнүн тыюу салуучу белгилер жок жерлерине коюуга болот (3.27). Унаа токтотууга катуу тыюу салынган негизги көчөлөрдү кошпогондо.

Ошондой эле, буга чейин Бишкек шаарынын жолдорундагы автотранспорттун агымын тартипке келтирүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен унааларды токтотууга байланыштуу тыгындардын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы («Санариптик технологиялар борбору» МИ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен системаны иштеп чыгышкан.

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери "Ураган" комплекси менен борбор калаанын жолдорун бойлой айдап бара жатып, жол эрежесин бузган унаа ээлерин автоматтык түрдө каттап турушат.

Урматтуу жарандар, унаа сүйүүчүлөр! Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат!