“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдордун чуңкурларын жамоо иштерин жүргүзүүдө.
Учурда адистер Ахунбаев көчөсүндө Юнусалиев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин иш алып барууда.
Байтик-Баатыр көчөсүндө А.Токомбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Л.Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чуңкурлар жабылган. Бүгүн Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкесин бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, Байтик-Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө 2001-2003-жылдары капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүн жабууга кепилдик мөөнөтү 5 жыл болгон.
Урматтуу жарандар жана унаа сүйүүчүлөр! Унаа тыгындарын болтурбоо үчүн альтернативдүү жолдорду колдонууну суранабыз. “Бишкекасфальтсервис” МИнын ишмердүүлүгү боюнча суроолоруңуз болсо, ишкананын 0755 41 98 41 Whatsapp номуруна кайрылыңыз.