Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Биринчи май райондук патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте жашыл аянтта токтоп турган унааларды аныктоо боюнча рейд жүргүзгөн.
Ага мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.
Борбор калаанын Профсоюз көчөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан мыйзам бузуулар катталган. Ага карата муниципалдык инспекция тарабынан КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-беренесинин 179-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынды.
Айдоочуларга жашыл аянтка оор техникаларды токтотууну чектөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов тиешелүү жетекчилерге шаарды көрктөндүрүүнү жана жашыл аянтка унаа токтотпоого тыюу салган жол белгилерин орнотуу боюнча тапшырма берди.
Белгилей кетчү нерсе, жашыл аянтка, жолдун жүрүүчү тилкелерине унааны токтотуу жол кыймылана, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратат.
Урматтуу шаардыктар жана айдоочулар! Эске салсак, мындай иш-аракеттер табигый чыккан жашыл аянттагы топуракты бузуп, борборубуздун көрүнүшүн бузат!
Мыйзам бузгандарга муниципалдык инспекторлор айып пул салып, чара көрүшөт.