Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы Ленин районунда рейд учурунда үч курулуш компаниясы тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
Ошентип, бузуучулардын тизмесинде:
- Ак-Өргө конушундагы «Дор Курулуш Групп» ЖЧКсы ;
- Б. Алыкулов көчөсүндөгү «Ресурс курулуш компаниясы» ЖЧКсы;
- Д.Садырбаев көчөсү, 79 дарегиндеги «Азат Строй Сервис» ЖЧКсы.
Инспекторлор тарабынан борбор калаадагы автотранспорт жүрүүчү көчөлөрдү булгаганы үчүн Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2 -бөлүгү менен протоколдор түзүлдү жана үч компанияга 23 миң сомдон 69 миң сомго айып салынды.
Ушундай эле мыйзам бузуу менен 08 kg 135 ABR мамлекеттик номурдагы бетон аралаштырган унаанын ээси И.В. га айып протоколу түзүлдү. Ал унаасынын дөңгөлөктөрүндөгү топуракты тазалабастан айдап, көчөнү булганган. Ал үчүн аталган оор техниканын ээсине 7500 сом айып пул салынды.
Урматтуу шаардыктар! Унаалардын дөңгөлөктөрүнүн тазалыгын милдеттүү түрдө караңыздар! Кир дөңгөлөктөр менен шаарда жүргөндөргө айып пул салынат.