Жашыл аймакка унаасын токтоткон айдоочуларга муниципалдык инспекция тарабынан чара көрүлдү.

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы биргелешип жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Фрунзе көчөсү, 416 дареги боюнча жашылаймакка унааларын токтоткон жарандар аныкталды.

Аларга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, үч жаранга 16500 сом өлчөмүндө 5500 сом айып салынган:

- айдоочу Б.А.- 5500 сом;
- айдоочу Б.Т. - 5500 сом;
- айдоочу Н.Т. - 5500 сом.

Урматтуу айдоочулар! Унааларды жөө адамдар өтүүчү тротуарларга жана көрктөндүрүлгөн жерлерге (жашыл аймакка) токтотпоону суранабыз.