Базардын соодагерлери саркынды суулар арыкка агып жатканы боюнча маалымат беришкен. Окуя болгон жерге муниципалдык инспекциянын кызматкелери барып, Сүйөркулов көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан кафелердин биринен мыйзам бузуу фактысы аныкталган.
Юридикалык жак А.С.Щербаковго Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 2-бөлүгүнүн 179-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 17 000 сом айып салынган.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө инспекторлор Ленин районунун Люксембург жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардан чыккан саркынды суулар агып жаткан скважинаны аныкташкан. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жаран борбор калаанын Ленин районундагы жер астындагы скважинага саркынды сууларды агызганы үчүн да айып пул салынган.
Иш-чаранын жүрүшүндө мындай аракеттердин кайталанбашы үчүн мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кайталанган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жерди айдоо, көчөттөрдү кыйуу жана бузуу, чөптөрдү алуу же топурак казуу, кирүүчү жолдорду өз алдынча куруу же автомобиль жолунун тилкесиндеги бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өндүрүштүк, мелиоративдик жана саркынды сууларды дренаждык тутумдардын курулмаларына жана запастарына агызуу жеке жактарга 5500 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.