Урматтуу шаар тургундары!

Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон – Ак калпак өзүнө терең философиялык баалуулук менен маанини камтыйт. Ата-бабаларыбыз кастарлап кийген Ак калпак - кыргыз улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келген.

Улут жүзү болгон Ак калпак ар дайым кыргыз жигиттеринин башынан түшпөсүн. Элибизге ынтымак, тынчтык, ачык асман жана бакубат жашоо каалайм!