Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучусу Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, мелдеш 27-февралдан 3-мартка чейин Бишкек шаарында “айкалышкан пирамида” дисциплинасы боюнча өтүп, ага 17 өлкөдөн 145 (128 эркек жана 17 аял) спортчу катышкан.

Дастан Лепшаков коло байгеге ээ болду. Ошондой эле коло байгени Казакстандык Жанибек Казыбеков алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Дастан Лепшаков баш болгон 34 спортчу катышкан.