Бишкек шаарынын борбордук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентинин "2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Улуттук баалуулук-улуттун тамыры" темасында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, белгилүү манасчы-жазуучу Темирбек Токтогазиев, республикалык "Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов, жазуучу, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Гаарба Орозматов, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун манасчылар кафедрасынын доценти  Бакытжан Мырзатаев катышты.

Китепканачылар тарабынан уюштурулган маданий кече «Манас» эпосу, кыргыз бийи, ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен башталды.