Бүгүн, 2024-жылдын 2-мартында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жарандарды жеке кабыл алды.
Шаар башчысы менен жолугушууга Суеркулов 16/1 көчөсүндөгү объекттин тургундары келишти.
Алар батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу алуу сунушун айтышты.
Өз кезегинде шаар башчысы бул демилге көзөмөлгө алынып, турак жайга муктаж болгондорго мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.
Эске сала кетсек, Сүйөркулов көчөсү, 16\1 дарегинде 24 кеңсе жайы жайгашкан 1-кабаттын бүт имараты, ошондой эле 2-4-кабаттын жарымы коммерциялык сатууга ылайыкташтырылган. 5-кабаттан 9-кабатка чейин 45 кеңсе бөлмөсү курулган.
Бүгүнкү күндө 69 кеңсе жайдын бардыгында жашоочулар жашайт, башкача айтканда, алар бул объектини турак-жай катары пайдаланышат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-мартында Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын 2024-жылдын 9-февралындагы катынын негизинде Сүйөркулов көчөсү 16/1 дарегинде электр жарыгы жана суу өчүрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, бир күн мурун Бишкек шаарынын мэриясы макулдашууга жетишип, Сүйөркулов көчөсү 16/1 дарегиндеги 6 үй-бүлөнү (көп балалуу үй-бүлөлөр, жетимдер, ДМЧА жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр) убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылган.