Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Тоголок Молдо, 7а көчөсүндө жайгашкан «Arzu» жана «Time Out» кафелерин демонтаждоодо.

Буга чейин башкармалыктын жана ишкананын кызматкерлери «Time Out» кафесинин бастырмасын алып салышкан.

Иш-чара мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башсы Уран Мусаевдин төрагалыгы алдында өтүп жатат.

Аталган аймакка эч кандай имарат салынбай, мурда болгон «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилет. Бошотулган аймакта жашыл бак-дарактарды реабилитациялоо жүргүзүлөт.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан чакан аренанын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Долбоордо спорт залдары, судьялык жайлар, чечинүүчү жайлар жана машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка жайлар каралган.

Өз убагында, 2000-жылдын башында объекттерди курууга уруксат берүүчү документтер берилген. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, баа берүү боюнча иш алып барууда.

Чакан аренанын баштапкы долбоорунда каралбаган бардык объекттер демонтаждалат, ал эми ээлерине башка участоктор берилет.

Белгилей кетсек, кафелердин ээлерине эскертүү берилип, алар түшүнүү менен мамиле жасап, демонтаждоодо көмөк көрсөтүшүүдө.

«Time Out» кафесинин аянты 1126 чарчы метрди, «Arzu» кафесинин аянты 1635 чарчы метрди түзгөн. Жалпысынан 2761 чарчы метр, башкача айтканда 27 сотых жер бошойт.