Биринчи май районунда тамеки чегүү боюнча мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейдтер уланууда.

Акимчиликтин кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмү, Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү жана МАБнын кызматкерлери тарабынан «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен коргоо, никотин жана айланадагы тамекинин түтүнү жана аэрозолядан коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу фактыларын аныктап, көңүл ачуучу жайларында текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Акыркы текшерүүдө мыйзам бузуулар боюнча 4 протокол түзүлүп, жалпысынан 52 миң сом айып салынган. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдары уруксат берилбеген жерлерде тамеки заттарын чеккендиги үчүн жеке адамга карата айып пул салынарын эскертет.