Бишкек шаарындагы Ажибек баатыр 3/1 дарегинде жашаган жашоочулар экологияны булгагандарга чара көрүүнү өтүнүп муниципалдык инспекцияга кайрылышкан.

Алар каптаган кара түтүндүн айынан терезелерди ача албай, эшикке, балконго кир жая албай калганын билдиришкен.

Инспекторлор окуя болгон жерге барышып,  "КАП СТРОЙ КЕЙ ДЖИ" ЖЧКсы компаниясы дөңгөлөктөрдү өрттөп, абаны булгап жаткандыгын аныктап, курулуш компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-берененин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүп, 23 миң сом айып салды.  

Ошондой эле "Арча-Бешик" конушунун Нарын көчөсүнүн тургуну  2024-жылдын 25-февралында Нарын жана Семетей  көчөлөрүнүн кесилишине  белгисиз жаран тигүү цехинен чыккан кездеменин калдыктарын машинесине жүктөп келип  өрттөп жаткандыгын видео тасмага тартып, муниципалдык инспекиясына кайрылган.

Аталган укук бузуучуну табуу максатында муниципалдык инспекиянын инспекторлору  Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып, жыйынтыгында  унаанын номуру аркылуу шаардын экологиясын зыян келтирген жарандын өздүгүн аныктап,  К.А. Карабаев аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин  115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, муниципалдык инспекция борборубуздун ар бир райондорунда күн сайын рейддик иш-чараларды жүргүзүп, тартип бузуучуларды аныктап, шаар тургундарына тартипти жана  тазалыкты  сактоону эскертет.