Жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Б Искеев, 1/6 борбордун Октябрь районундагы «Альфа Бетон» ишканасы дөңгөлөктөрдү өрттөгөнүн аныкташкан. Анын жыйынтыгы менен аталган ишканага карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынган.

Ошондой эле  Ленин районундагы  Бакаев, 144, дареги боюнча жайгашкан  «МЭНС» ЖАК курулуш ишканасынын  курулуш таштандыларын белгисиз жайларга таштаганы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом айып салынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган компаниялардын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, курулуш калдыктары белгиленбеген жерлерге ташталбашы керектиги, өндүрүш калдыктары жана зыяндуу заттар күйүп кетпеши боюнча эскертүү берилди.

Муниципалдык инспекция эскертет, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, зыяндуу заттарды өрттөө жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.