Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форуму өттү.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, КР ЖК төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин кабыл алуусун колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, жергиликтүү кеңештин депутаттары, шаардык жана райондордун башчылары, ички иштер бөлүмдөрү, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери  катышты.

Форумдун максаты - өлкөдөгү коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо, 2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-чаралар планын ишке ашыруу, жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу.

Катышуучуларга кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча видеороликтер, «Үй-бүлөлүк зомбулук» аттуу чакан спектакль көрсөтүлүп, милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтык материалдар, иш-чаранын логотиби түшүрүлгөн төш белгилер, брошюралар жана дептерлер таратылды.

Бүгүнкү күндө коомубуздун алдында турган кечиктирилгис жана социалдык маанилүү милдеттердин бири, албетте, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун өсүшүн азайтуу жана алардын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун издөө экендигин белгилей кетели. Ошондуктан, студенттер арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу иш-аракетинин эң маанилүү багыты болуп саналат.

Алсак, Бишкек шаарынын орто мектептеринде укуктук темаларда 8 миңден ашык лекциялар жана талкуулар өткөрүлдү.

Жашы жете электердин арасындагы тартип бузуулардын алдын алууга көп көңүл бурулууда.

Бүгүнкү күндө 208 окуучу жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турса, 2070 окуучу ички китепчеде турат.

Өспүрүмдөрдүн сабактан тышкаркы убактысын көзөмөлдөө максатында мектеп администрациясы инспекторлор менен бирдикте коомдук кооптуу абалдагы үй-бүлөлөргө, мектепте катталган балдардын жана окуучулардын иштери боюнча рейддерди өткөрөт, ошондой эле окуучулардын окуусуна, жүрүм-турумуна жана сабакка катышуусуна көзөмөл жүргүзөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун же андан жабыркагандардын алдын алуу максатында аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн 4 атайын автоунаа сатылып алынып, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына өткөрүлүп берилген.

Соңунда ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкан милиция кызматкерлерине жана мамлекеттик кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тиешелүү резолюция кабыл алынды.