Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча жасалма ылдамдык чектегичтердин саны 400дөн ашат. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик стандартты эске албастан, өз билемдик менен орнотулган. Алар тыгындын пайда болушу жана көчөнүн сыйымдуулугунун азайышы сыяктуу ар кандай көйгөйлөргө алып келүүдө. Ошондой эле автотранспортту тейлөөгө кеткен чыгымды көбөйтүүдө.
Анын ичинде жасалма ылдамдык чектегичтерден коомдук транспорт дагы зыянга учурап жатат.
Штабдын жыйынтыгы боюнча “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" берген тизмеге ылайык жасалма жол чектегичтерди демонтаждоо "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тапшырылган.
Учурда ишкана мамлекеттик стандартка жооп бербеген жана өз билемдик менен орнотулган жасалма ылдамдык чектегичтерди демонтаждоого киришти.
Иш планга ылайык: Айтиев, Набережная, Айни, Гагарин, Шералиев, Ворошилов, Москва, Сагынбай Манасчы ("Жасмин" кафеси), Матросов, 1а/22 көчөлөрүндө, ошондой эле "Ала-Тоо", "Калыс-Ордо", "Көлмө", "Ак-Босого", "Рухий мурас", "Ак-Ордо" жана ГЭС-2 конуштарында иш жүргүзүлөт.
Мындан тышкары штабдын жүрүшүндө коомдук транспорт каттаган Токтоналиев-М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинде, Гмайнер атындагы окуу-тарбия комплексинин жанында жана Медеров көчөсүндө К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанындагы жасалма ылдамдык чектегичтерин алып салуу тапшырылды.
,