Октябрь акимчилигинде өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңги заттарды колдонууга жол берилбестиги жана баңги заттарды колдонуунун зыяндуулугу, психоактивдүү заттарды колдонуу жана «Дарыкана наркомания» маселелери боюнча жыйын өттү.

Жыйынга КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты Г.Султаналиева, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы шаардык ички иштер башкармалыгынын, психиатрия жана наркология борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, МАБнын, үй жана кварталдык комитеттер, социалдык кызматкерлер, ошондой эле райондогу мектептердин жетекчилери  катышты.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын РИИБнин кызматкерлери баңги заттарды колдонуунун учурдагы абалы жана өспүрүмдөр жана жаштар арасында психоактивдүү заттарды керектөөнүн артыкчылыктуу маселелери жана «Дарыкана наркоманиясы» жөнүндө маалымат беришти.

Белгилей кетсек, жаштар арасында психоактивдүү заттардын таралышынын күчөшүнүн коркунучу бар, андыктан баңгичиликтин алдын алуу өспүрүмдөр менен иштөөгө багытталышы керек.

Жыйындын жыйынтыгында баңгизатка каршы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана калктын, өзгөчө жаштар арасында баңги затын колдонуунун жайылышын токтотуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Балдардын алек болушуна жана кызыктуу кызыкчылыктарын жана хоббилерин табууга, жаштардын сергек жашоо образына карата оң көз карашты калыптандырууга жардам берген ар кандай иш-чараларды өткөрүү.