Борбор калаадагы №64 мектепте №64, 20 жана 62-мектептердин эмделбеген окуучуларынын ата-энелери менен жыйын өттү.
Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун адистери Бишкек шаарында кызамык оорусу боюнча учурдагы жагымсыз эпидемиологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бишкек шаарында 2023-жылы 2307 кызамык оорусу катталса, 2024-жылдын акыркы 2 айында 1072 учур катталды.
Жыйындын жыйынтыгында саламаттыкты сактоо органдарынын, билим берүү уюмдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын , кварталдык жана үй комитеттеринин биргелешкен иш-аракеттерин балдарды кызылчага каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү балдарда активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, жыйынга жетекчинин орун басары Ч.Жаныкеева, Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгеринин орун басары А.Рыскулбекова, №6 медициналык жардам көрсөтүү борборунун педиатры Б.Жумагулова, МАБнун өкүлдөрү жана №64, 62, 20 мектептердин соцпедагогдору катышты.