Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан бардык ченемдик укуктук актыларды сактоо жана сессияны, борбордун курамына кирүүчү айылдык кеңештер анын ичинде тиешелүү депутаттардын катышуусу менен уюштуруу зарылчылыгы жөнүндө кат келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобонун” 14-пунктуна ылайык, жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
Ошентип, сессияны өткөрүү үчүн биргелешкен кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн катышуусу зарыл.
Борбор калаанын мэриясы өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын позициясын колдойт.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу регламенттин” негизинде көрүлүп жатат.
Шаардык муниципалитет материалдык-техникалык база менен камсыз кылууда өз компетенциясынын чегинде жардам көрсөтөт.
Эске сала кетсек, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым айыл аймактары, айылдары, калктуу конуштары жана участоктору Бишкек шаарына кошулган. Натыйжада административдик-аймактык реформанын алкагында 8 айыл аймагы, 2 айыл, 5 контур жана 4 контур тилкеси борборго өткөрүлүп берилди.