Кызамык оорусунун алдын алуу иш-чараларынын алкагында Биринчи май районунун билим берүү мекемелеринде окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
№18 орто мектепте ата-энелер чогулушу болуп, ага акимдин орун басары Айнура Арстамбекова, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагуль Рыскулбекова, №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери, ошондой эле билим берүү борборунун директору Самара Шербаева катышты.
Жолугушууда кызамык оорусунун белгилери, анын жугуу жолдору жана бул оору пайда кыла турган кыйынчылыктар тууралуу сөз болду. Ата-энелерге өз убагында эмдөөнүн маанилүүлүгү түшүндүрүлүп, кызамык оорусуна чалдыккан адам менен байланышта болгон учурда карантиндик чараларды көрүү зарылчылыгы эскертилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ата-энелер кызамык оорусуна каршы эмдөө, белгилери жана дарылоо боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Адистер кызамык өтө жугуштуу оору экенин, андан коргонуунун бирден бир эффективдүү жолу эмдөө экенин белгилешти.
Ушундай эле кызамык оорусунун алдын алуу иш-чаралары райондун бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.
Муниципалдык администрация ата-энелерди кызамык оорусунун алдын алууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, балдарын тез арада эмдөөгө чакырат.
Кошумча маалымат:
- Кызамык – аба-тамчы аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору.
- Кызамыктын белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы, конъюнктивит жана исиркектер кирет.
- Кызамыктын татаалдашы пневмония, энцефалит жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
- Кызамыктан коргонуунун бирден бир эффективдүү жолу бул эмдөө.
- Кызамыкка каршы вакцина Улуттук эмдөө графигине киргизилген жана 12 айлык жана 6 жаштагы балдарга жасалат.