“Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Театралдык скверинин аянтындагы скважинаны бургулоого иштерин бүгүнкү күндө толук бүтүрдү.
Бул скважинанын тереңдиги 100 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт. Бул скважина болжол мн 10 га аянтты суугарып жашылдандырат.
Шаар райондорунун кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн скважиналар бургуланууда.
Белгилей кетсек , буга чейин буга чейин бул ишти “Бишкек суу чарба” МИси алып барган.