Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» финалдык этабынын программасынын алкагында 2024-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейин №62 окуу тарбия комплексинин базасында жана «Сейтек» спорт мектебинде балдар жана кыздар арасында стол тенниси жана бадминтон боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Сынакка Бишкек шаарынын 16 орто мектептери жана гимназиялары катышты.
«Мектеп лигасы» спорттук программасынын негизги максаты - Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү. Орто мектептердин окуучуларын системалуу түрдө дене тарбия жана спортко тартуу. Адистештирилген спорттук мектептерде андан ары билим алуу үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо жана орто мектептер менен гимназиялардын достук байланыштарын чыңдоо.
Стол тенниси боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча кыздар арасында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундар:
1-орун – “Айчүрөк” МГ;
2-орун – №61 МГ;
3-орун – ОТК МГ №62;
балдар арасында:
1-орун – №65 МГ;
2-орун – Чынгыз Айтматов атындагы лицей;
3-орун – ЖББМИ №71.
Бадминтон боюнча мелдеште кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – №96 орто мектеп;
2-орун – №84 орто мектеп;
3-орун – №102 орто мектеп.
балдар арасында:
1-орун – №84 орто мектеп;
2-орун – №87 орто мектеп;
3-орун – №96 орто мектеп.
Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» шаардык финалынын бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор, тиешелүү даражадагы кубоктор менен сыйланышты, ошондой эле баш байгеге – Ысык-Көлгө жолдомо алышты.