Бишкектеги “Газпром” спорттук-эс алуу борборунда бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышы болду.

Ачылыш аземине  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Өлкө тарыхында 6-ирет өтүп жаткан бильярд мелдешине 18 өлкөдөн 145 спортчу (128 эркек жана 17 аял) катышууда.

Жарым финал жана финалдык беттештер 2024-жылдын 1-2-мартында өтөт.

Белгилей кетсек, мелдешке 24 ата мекендик спортчу катышууда, алардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков бар.