Бүгүн, 2024-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев асма жолдорду куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси жана «Bartholet Maschinenbau AG» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Эдуард Кубатов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы асма жол долбоорун ишке ашыруунун перспективалары, ошондой эле аларды жайгаштыруунун мүмкүн болгон варианттары жана техникалык аспектилери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Стефано Николусси Росси долбоорлоо жана куруу үчүн оптималдуу жайгашкан жерди аныктоо максатында асма жол станцияларын жайгаштыруу үчүн алдын ала участокторду карап чыкты.

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашырууга даярдоодогу маанилүү кадам болуп саналат, ал борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жол жүрүүнүн ыңгайлуулугун, ошондой эле натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.