Муниципалитеттин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиев Сүйөркулов көчөсү, 16/1  объекттин жашоочулары менен жолугушту.

Мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Токтоналиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, ошондой эле Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгынын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.

Тараптар бири-бирин угуп, кызыктырган суроолорун беришти. Мэр КР мыйзамдарын сактоо зарылдыгын белгиледи.

«Башкалардан мыйзамды сактоону талап кылууда ар ким өз тарабынан да жоопкерчиликти жана мыйзамды сактоону унутпашы керек» - деп кошумчалады мэр А.Джунушалиев.

Бүгүнкү күндө объектти эксплуатациялоо өзүм билемдик менен жүргүзүлүүдө.

Шаар тургундарына Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл башкармалыгы тарабынан февралдын башында жиберилген объектти 2024-жылдын 1-мартына чейин  бошотуу боюнча жөнөтүлгөн билдирүүлөр тууралуу эскертилди.

Жабырлануучулар тарабынан айтылган маселелер да тиешелүү органдарга берилип, мыйзамда белгиленген тартипте каралат.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Бишкек филиалынын маалыматы боюнча, Сүйөркулов көчөсү, 16/1 дарегинде жайгашкан 0,151 га (бизнес-борбор жана соода борбору үчүн) жер участогуна Бишкек шаарынын муниципалдык менчик укугу катталган.

Эске салсак, Сүйөркулов көчөсү ,16/1  дарегинде биринчи кабаттагы имараттын баары, ошондой эле 24 бөлмөлүү 2-4-кабаттарынын жарымы коммерциялык сатууга ылайыктуу. 5-тен 9-кабатка чейин 45 кеңсе  жайы курулган. Бүгүнкү күндө 69 жайдын бардыгында жашоочулар жашайт, башкача айтканда, алар бул объектини турак-жай катары пайдаланышат.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 25-февралындагы жерди ижарага алуу келишимине ылайык 0,121 га жер тилкеси «Арабская Инвестиционная Компания» ЖЧКсына долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө Сүйөркулов көчөсү, 16/1 дарегинде соода комплекси катары убактылуу пайдаланууга берилген.

Жогоруда аталган компания 2016-жылдын 13-декабрында «Сүйөркулов көчөсүндөгү 7 кабаттуу соода борбору» долбоорун иштеп чыгуу үчүн архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыккан. 2017-жылдын 27-февралында 2016-жылдын 13-декабрында иштелип чыккан архитектуралык пландоо шарттары боюнча (7ден 9-кабатка чейин) кошумча даярдалган.

Мындан тышкары, 2017-жылдын 4-мартында 9 кабаттуу соода комплексине инженердик-техникалык шарттар түзүлгөн.

2018-жылы «Арабская Инвестиционная компания» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругунун негизинде «Нур-Жаннат ЛТД» ЖЧКсы болуп өзгөртүлгөн.