Бишкек шаарында муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан таштандыларды туура эмес жерге таштоо фактыларын аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүштү.
Рейддин жыйынтыгы менен бир катар чарбалык субъектилерге карата протоколдор түзүлдү.
Тартип бузгандардын тизмеси:
— Курманжан Датка, 266 дарегиндеги «Нова мед» жеке клиникасына таштандыларды туура эмес ыргыткандыгы үчүн 23 миң сом айып салынды;
— Курманжан Датка, 266/4 дарегиндеги «Компаньон Банкына» таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 000 сом айып салынды;
— Махатма Ганди, 91 дарегиндеги «Газпром нефть» ЖАКына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 000 сом айып салынды;
— Фучик көчөсү, 15 дарегиндеги «Интермедикал» ЖАКына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 000 сом айып салынды;
— Жибек-Жолу, 183 дарегиндеги «Кофе и Точка» кафесине жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн 13 000 сом айып салынды.
— Фучик, 86 дарегиндеги «Бишкек Петролеум» ЖАКтын май куюучу жайы, таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 13 000 сом өлчөмүндө айып салынды;
— Курманжан Датка, 304 дарегиндеги «Стронг» ЖАКсынын фитнес залына таштандыларды туура эмес жерге таштаганы үчүн 17 000 сом айып салынды;
— «Лев» тез тамактануучу жайына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 000 сом айып салынды;
— таштандыны туура эмес жерге ыргыткан ишкер А.Белековго 5500 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-2-бөлүгүнө ылайык белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандыгы үчүн 5500 сомдон 17000 сомго чейин айып пул каралган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесинин 4.2 бөлүгүнө ылайык менчик түрүнө карабастан чарба субъектилери жанаша жайгашкан аймагын радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактап туруусу зарыл. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык, эрежелерди сактабаган адамдарга 3000 сомдон 13000 сомго чейин айып салынат.
Урматтуу шаар тургундары жана ишкерлер! Таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга ыргытып, шаардын тазалыгын сактоону суранабыз.