«Бугу-Эне» конушунда көчө чырактары күйдү. Иш-чарага Биринчи май районунун башчысынын орун басары Медет Кубатбеков «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте катышты.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин аяктады.

50 Вт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырактар жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.

Ошондой эле ишкананын кызматкерлери 2 чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зымды өткөрүштү.

Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын диспетчердик кызматы сиздер үчүн ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, 0777 902-115 (WhatsApp).