Муниципалдык инспекция  Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүн бойлой рейд жүргүзгөн.

Инспекторлор курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин  115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн «Бурана Гранд»  жана «НБК» ЖЧКсына протоколдор түзүлүп, 23 000 сом айып салынган,ар бир ишканага (жалпысынан 46 000 сом) салынган.

Урматтуу шаарыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.