Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин улантышууда.
Саат 10:00дө линияга 50 атайын техника чыкты, анын ичинен 27 кар тазалоочу МАЗ жана 1 ЗИЛ агрегаты, 2 алдынан жүктөгүч техника, 8 щетка жана күрөктүү «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу УКМ- 2500 , 2 даана «Bobcat» кар тазалоочу техникасы, 1 даана карды өзү жүктөөчү техника, ошондой эле "Бишкек жашыл курулуш" ишканасынын 4 даана атайын техникасы.
Белгилей кетсек, кар тазалоого ишкананын 659 кызматкери тартылган. Тазалоочулар тротуарларды тазалап, жол четиндеги бордюрларды тазалашат.