Бишкек шаарындагы №31 мектеп-гимназиясында Чыгыш календары боюнча жаңы жылга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага вице-мэр Виктория Мозгачева, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева, Ленин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл Темирканова жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Конфуций институтунун директору Чэн Чжигуо катышты.

№31 мектепте 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар 2009-жылдан бери кытай тилин үйрөнүшөт. Бүгүн атайын адистештирилген кытай тили кабинети ачылды, анда мугалимдер «КЭРде Жаңы жылды майрамдоо» деген темадагы сабактын фрагментин көрсөтүштү. Кабинет заманбап технологиялар жана окуу адабияттары менен жабдылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдык концерт уюштурулуп, катышуучулар кытай ырларын ырдап, бийлешип, “ушу” согуш өнөрлөрүн көрсөтүштү, ошондой эле Кыргызстандын маданияты менен таанышышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын максаты окуучулардын Кытайдын маданиятына, каада-салтына, искусствосуна, тарыхына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле сабырдуулукту, сый-урмат жана кытай эли менен достук мамилени сактоого багытталган.