Бишкекте 2024-жылдын 22 - февралынан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым- жартылай өзгөрөт.

Мындай чечим “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын жана Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

№2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиев, Московский, Ж.Гвардия, Л.Толстой (инфекционная больница), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып  Көк-Жар конушуна чейин каттайт.

Узундугу 36 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөт. Бул линияга 20 автобус чыгат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынган.