Бүгүн, Бишкек шаарында Эл аралык эне тил күнүнө карата борбор калаанын мектептеринде фестиваль болуп өттү.

Ага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук администрация башчылары, мектеп жетекчилери жана окуучулары катышты.

Алсак, №29 мектепте кыргыздын улуттук кийимдери, тиричилик буюмдары, чыгармачылыгы, идиш-аяктарынын көргөзмөсү уюштурулуп, «Кыз узатуу» театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, балдар «Көк бөрү», «Ордо» улуттук оюндарын да көрсөтүштү.

№40 мектепте балдар кытай тили, маданияты, тарыхы боюнча алган билимдерин конокторго тартуулашты.

№3 мектепте иш-чара түрк тилинде өтүп, балдар концерттик программа жана көргөзмө тартуулашты.

№10 мектепте фестиваль орус тилинде аяктап, окуучулар орус элинин тарыхы, каада-салты жана маданияты жана тили боюнча билимдерин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, фестивалга даярдык көрүүдө балдар ойной турган тил чүчүкулак аркылуу тандалат.

Иш – чаранын максаты-өсүп келе жаткан муунду тил, тарых, маданият жана чыгармачылыкты билүү аркылуу толеранттуулукка жана достукка тарбиялоо.

Мэриянын билим берүү департаменти бардык шаардыктарды эл аралык эне тил күнү менен куттуктайт.