"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин улантышууда.

Учурда линияда 43 атайын техника, анын ичинен «МАЗ» үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу техника, 2 даана алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөктөрү менен, 4 универсалдуу «УКМ-2500» унаасы, 2 жаңы «Bobcat» кар тазалоочу атайын техникасы ошондой эле  «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын атайы 2 техникасы тартылган.

Мындан тышкары, көчөлөрдү кардан тазалоого ишкананын кызматкерлери тартылды. 48 тонна техникалык туз сарпталды.