Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык инспекция тарабынан кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бир катар чарбалык субъектилер текшерүүгө алынды.

Рейддин жүрүшүндө КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, көчөдө жүргөн чарба субъектилерине айып пул салынды. Юнусалиев 160/1, К.Акиев көчөсү 83 дарегиндеги чарба субъектисине,  Горький көчөсү 1  дарегиндеги "Авто центр"ЖЧКсына, 8- кичи район 40 дарегиндеги Тазабек  уулу С. аттуу жаранга таандык чарба субъектиге протокол түзүлүп, айып салынды.

Мындан тышкары, КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин негизинде Гагарин көчөсүндөгү 16-үйдөгү «Ташкент» кафеси жана Бакаев,78  дарегинде жайгашкан  «Зам-Зам» кафелерине жанындагы чектеш аймакты  муздан тазалабагандыгы үчүн жалпысынан 26 миң сом айып салынган.

Ошондой эле базардын аймагынан карды көчөгө  алып чыккандыгы үчүн Баткен базарынын администрациясына 13 миң сом айып  ошондой эле Орто-Сай базарына да 13 миң сом айып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Көрктөндүрүү эрежелерин бузбоо өтүнүчү менен кайрылабыз, антпесе КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп,чаралар көрүлөт.