Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан чарбакер субъекттер жана шаардыктар тарабынан курчап турган аймакты кардан тазалоо катуу көзөмөлгө алынууда.

Инспекторлор бишкектиктерге жана чарба объектилеринин ээлерине аймактарды кардан жана муздан тазалоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Көрктөндүрүү эрежелерин бузбоо өтүнүчү менен кайрылабыз, антпесе КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлөт жана чаралар көрүлөт.