Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында мэр Айбек Джунушалиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты  Раимкулова менен жолугушту.

Тараптар Бишкек шаарында жайгашкан А.Осмонов атындагы үй-музейди реставрациялоо жана музейдин долбоорун талкуулашып, борбор калаанын мэриясы менен  Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы Меморандумга кол коюуну талкуулашты.

Мэр, муниципалитет фонд менен биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда келечектүү кызматташууга ачык экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Айбек Джунушалиев ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы мындан аркы кызматташууга үмүт артарын билдирди.