Биринчи май районундагы  №184-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында бала бакчанын медайымдарына «Котур оруусунун жана педикулёздун алдын алуу» жана «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш барагын туура түзүү» деген темада семинар өткөрүлдү.

Окуу иш-чарасына Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 80 медайымы катышып, лекторлор санитардык-эпидемиологиялык  борбордун дарыгерлери болушту.

Семинардын уюштуруучулары Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти жана ден соолукту чыңдоо борбору болуп саналат.