Бишкек шаарында билим берүү уюмдарынын арасында эл аралык эне тил күнүнө карата "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу конкурс өттү.

Бала бакчалар арасындагы сынактын жыйынтыгында 1-орунду Ярослава Жиленко менен Кадрия Мухамедова №100 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2-орунду Маргарита Скосырская №5 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 3-орунду №18 Абира Хамат жана Диана Тимофеева № 51  мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары алышты.

Мектеп окуучулары арасында 1-орунду №39 мектептин окуучусу Амир Халилов, 2-орунду №19 мектептин окуучусу Милана Никитина жана №12 мектептин окуучусу Софья Мазур жана үчүнчү орунду №9 мектептин окуучусу Диора Турдахунова ээледи.

Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти болду.

Борбор калаанын мэриясы бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт.