2024 жылдын 21 - февральда саат 10:00 - 18:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү  төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:

- Жайыл Баатыр көчөсү - Арча-Бешик көчөсү - Куюкова көчөсү – Муромский көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү.

Ичүүчү суу  Шералиев көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.