Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантышууда.
Линияда 31 атайын техника, анын ичинде 16 «МАЗ» үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөктөрү менен , 4 универсалдуу «УКМ-2500» унаасы, ошондой эле 2 жаңы «Bobcat» кар тазалоочу атайын техника бар.
42 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды.
Мындан сырткары карды тазалоого ишкананын 12 кызматкери тартылды. Тазалалыкчылар тротуарларды, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат.