Борбор калаада муниципалдык коомдук го транспорт кадимки режимде иштеп жатат.

Жүргүнчүлөрдү «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 572 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 432 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобусу тейлөөдө. Кошумчалай кетсек, шаардын аймагында 648 кичи автобус дагы каттамга чыкты.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Мындан тышкары, шаардыктар «Мой город» мобилдик тиркемеси аркылуу коомдук транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөй алышат.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 0312533653;
- «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 0550355331;
- «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы 708 256 087.