Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт шаар тургундарын штаттык режимде тейлөөдө.
2024-жылдын 19- февралында 18:00гө карата «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 95 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 540 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 527 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 105 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамда.
Кошумчалай кетсек, шаардын аймагында 897 кичи автобус да каттамда.
Белгилей кетсек, муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.
Мындан тышкары, шаардыктар «Мой город» мобилдик тиркемеси аркылуу коомдук транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөй алышат.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 0312533653;
- «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 0550355331;
- «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы 708 256 087.