Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында № 28 мектепте "Тил-достуктун ачкычы" аталышындагы сынак болуп өттү.
Сынакка №41, №81, №19, №1, №15 жана №24 мектептер катышты. Катышуучулар ар кайсы элдердин тилдерин жана маданиятын терең билгендигин, ошондой эле көп тилдүүлүккө жана маданияттардын ар түрдүүлүгүн даңазалашты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду № 81 жалпы билим берүүчү орто мектеби ээледи, алар презентацияга жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана чыгармачыл мамилесин көрсөттү. Экинчи орунду №24 мектеби ээледи, ал эми №81 мектеби үчүнчү орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр шаардык деңгээлдеги иш-чарага Биринчи май районунун атынан чыгышат.