Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт шаар тургундарын штаттык режимде тейлөөдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр  автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 573 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 297 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 122 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамда.

Кошумчалай кетсек, шаардын аймагында 615 кичи автобус да каттамга чыкты.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Мындан тышкары, шаардыктар “Мой город” мобилдик тиркемеси аркылуу коомдук транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөй алышат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча суроолор болсо төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 0312533653;

«Бишкек жүргүнчүлөр  автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 0550355331;

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы 0708 256 087.