Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилерине рейд жүргүздү.

Токомбаев, 21а/3, Рыскулов көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-беренесинин 177-бөлүгүнө ылайык жалпы суммасы 92 миң сомго төмөнкү компанияларга карата протоколдор түзүлдү:
-ОсОО "Профит-Экспресс";
- ОсОО "Турпан Строй";
- ОсОО "Рояль Констракшн";
- ОсОО "Авангард Стиль".

Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.