Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2024-жылдын 17-февралында таңкы саат 04:00дөн баштап борбор калаада көчмө жыйын өткөрдү.
Жеринде өткөн жыйынга Бишкек шаарынын жетекчилиги, административдик райондордун башчылары жана муниципалдык инспекциянын жетекчиси, «Тазалык» муниципалдык ишканасы, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы катышты.
Мэр борбор калаанын жолдоруна өндүрүштүк туз себүү жана карды чыгаруу боюнча коммуналдык кызматтардын ишин текшерди.
Жыйындын жүрүшүндө Ала-Арча дарыясынын нугу да текшерүүгө алынды.
Жеринде «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына Ала-Арча дарыясынын нугун муздан тазалоо боюнча ыкчам чара көрүү боюнча тапшырмалар берилип, атайын техникаларды даярдоо зарылчылыгы айтылды.
Мындан тышкары, саат 05:30да шаар башчысы ЖЭБтин абалы менен жеринде таанышуу максатында Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагына барды.
Көчмө жыйындын соңунда борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында мэрдин орун басарлары жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын болуп өттү.
Шаардын көчөлөрүндө жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында “Тазалык” ишканасына көчмө жыйында белгиленген кемчиликтерди жоюу үчүн бардык резервдерди ишке киргизүү тапшырмасы берилди.
Төрт райондун акимдерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди. Борбордук аппараттын тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө борбор калаанын жолдоруна өндүрүштүк туздун иш жүзүндө чачылганын текшерүү тапшырылды.
Мындан тышкары, Транспорт жана жол транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине жол тыгындарын пайда кылган орнотулган ылдамдыкты азайтуучу тосмолордун эффективдүүлүгүн, санын жана негиздерин талдоо милдети тапшырылды.