Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы карды тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин ыкчам түрдө баштады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык патрулдук  башкармалыгынын кызматкерлери 6 унаанын коштоосунда борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого жардам беришүүдө.

Линияда 45 даана атайын техника, анын ичинен МАЗ үлгүсүндөгү 27 кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү кум себүүчү 1 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 2 бирдик, щетка жана күрөктүү 9 «Беларусь» трактору, 4 универсалдуу «УКМ-2500» коммуналдык унаалары, ошондой эле 2 жаңы атайын кар тазалоочу «Bobcat» техникасы.

Мындан сырткары көчөлөрдү кардан тазалоого “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тартылды. Учурда 96 тонна өндүрүштүк туз керектелди.