Аба ырайынын кескин түрдө төмөндөшүнө байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү.
Ошентип, эртең менен саат 11:00дөн тарта ишкананын кызматкерлери жолдорго туз себүүнү башташты.
Белгилей кетсек, жолдорду тазалоо жана туз себүү үчүн 44 атайын техника даяр. Ишкананын базасында 584 тонна техникалык туз бар.
Ошондой эле, зарыл болгон учурда, аялдама комплекстеринин жанында техникалык туз салынган атайын челектер каралган.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарындагы кардан тазалоо иштери боюнча суроолоруңуз же сын-пикириңиз болсо, 1850 жана 1840 телефон номурларына күнү-түнү чалып, 0554 182 185 (WhatsApp) номуруна сүрөттөрдү жөнөтсөңүз болот.